
2025-жылдын 24-марты, Бишкек – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) колдоосу жана Финляндия өкмөтүнүн каржылоосу менен "Кыргыз Республикасында адам укуктарын коргоону жана адилеттүүлүккө тегиз жетүүнү күчөтүү" долбоорунун (3-фаза) Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жолугушуу учурунда долбоордун аткарылган иштери каралып, өзгөчө аялуу топтор үчүн укуктук адилеттүүлүктү жогорулатуу боюнча биргелешкен аракеттер белгиленди.
БУУӨП Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Юстиция министрлиги менен мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө Мыйзамынын жана 2024–2028-жылдарга карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын Улуттук программасынын алкагында, улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда ишенимдүү өнөктөш катары колдоо көрсөтүүнү улантууда. БУУӨПтүн ишмердүүлүгү юридикалык жардам системасын чыңдоого, укуктук адилеттүүлүккө тең жеткиликтүүлүктү камсыздоого жана эң аялуу калк топтору үчүн укуктук колдоо механизмдерин институционалдаштырууга багытталган. Өкмөттүк мекемелер жана жарандык коом менен тыгыз кызматташуу аркылуу БУУӨП адилеттүү, натыйжалуу жана адамга багытталган укук системасын курууга көмөктөшүүдө.
Жыйынга Юстиция министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Омбудсмен институтунун (Акыйкатчы), Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрү катышып, жетишилген жыйынтыктарды баалоо жана мындан аркы кадамдарды аныктоо маселелери талкууланды.
Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова бардык жарандар үчүн адилеттүүлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо юридикалык жардамдын маанилүүлүгүн белгиледи. "Акысыз юридикалык жардам системасын чыңдоо – ар бир жаран үчүн адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү камсыздоонун негизги кадамы. БУУӨП менен кызматташуу жана Финляндия өкмөтүнүн колдоосу менен биз юридикалык кызматтарды инклюзивдүү, натыйжалуу жана жарандардын муктаждыктарына ылайыкташууга аракет кылуудабыз", – деди ал.
БУУӨПтүн туруктуу өкүлү Александра Соловьева өз сөзүндө юридикалык жардамды кеңейтүүдөн анын сапатын жана туруктуулугун жогорулатууга өтүүнүн маанисин белгиледи. "БУУӨП Юстиция министрлигин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин, ошондой эле Акыйкатчы Институтун юридикалык жардам системасын чыңдоого колдоо көрсөтүп, стратегиялык жана адамдарга багытталган ыкманы колдонууда. Жарандар эң көп кайрылган маселелердин катарына алименттер, жер тилкелерин каттоо, пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар, зарыл документтерди (паспорт, күбөлүк ж.б.) алуу кирет. Бул тармактарда көрсөтүлгөн колдоо аярлуу топтордун негизги кызматтарга жана кепилдиктерге жетүүсүн камсыз кылып, социалдык инклюзияга жана экономикалык туруктуулукка өбөлгө түзөт», – деди Александра Соловьева. «Бул ийгиликтер Юстиция министрлиги жана башка улуттук институттар менен тыгыз өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылды».
Юридикалык жардамды кеңейтүү жана адилеттүүлүккө жеткиликтүүлүктү чыңдоо
2024-жылы Юстиция министрлиги укуктук жардам системасын чыңдоого жана өзгөчө аялдар, майыптыгы бар адамдар жана айыл жерлеринде жашаган жарандар үчүн адилеттүүлүккө кеңири жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган иш-чараларды ишке ашырды:
84 000 юридикалык консультацияны 25 478 жаран алган, анын 43% аялдар.
16 092 адам (анын ичинде 4 212 аял, 11 880 эркек жана 552 майыптыгы бар адам) адвокаттардан квалификациялуу юридикалык жардам алды.
5 070 иш (жазык, жарандык жана административдик өндүрүштөр боюнча) ийгиликтүү чечилип, бул бардык кайрылуулардын 31,5% түздү.
Мамлекеттик юридикалык кызмат жана Юридикалык архив үчүн автоматташтырылган системалар ишке киргизилип, ачык-айкындуулук жана натыйжалуулук жогорулатылды.
114 Шыр байланыш телефону жаңыланып, юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү жакшыртылды.
7 юридикалык жардам кеңсеси ачылып, мурдагы 17 кеңсени толуктап, акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү жайлар кеңейтилди:
Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай райондору
Ысык-Көл облусу: Тоң жана Түп райондору
Нарын облусу: Ак-Талаа жана Кочкор райондору
Талас облусу: Айтматов району
Жарандар көбүнчө алимент, жер участогун каттоо, пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар, зарыл документтерди (паспорт, күбөлүктөр ж.б.) алуу сыяктуу маселелер боюнча кайрылышат. Бул жааттагы колдоо аялуу топтор үчүн негизги кызматтарга жана кепилдиктерге жетүүнү камсыз кылып, социалдык инклюзияга жана экономикалык туруктуулукка өбөлгө түзөт.
Мониторинг жана институционалдык реформалар
Омбудсмен Институту өлкө боюнча мониторинг сапарларын уюштуруп, 2 000 жашоочу менен жолугушуп, 381 жазуу түрүндөгү кайрылууну кабыл алды. Ошондой эле, адилеттүүлүк системасынын жеткиликтүүлүгүнө баалоо жүргүзүлүп, сот жана укук коргоо органдарынын имараттарынын 95% аз кыймылдуу жарандар үчүн жеткиликсиз экени аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында Омбудсмен инфраструктураны жакшыртуу жана адилеттүүлүккө тең жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча сунуштарды берди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылы 11 617 кайрылууну иштеп чыгып, алардын 16% майыптыгы бар адамдардан түшкөн. Бардык кайрылуулар каралып, тиешелүү консультациялар жана багыттоолор берилди.
Мамлекеттик санариптик кызматтарды аудит жүргүзүү майыптыгы бар адамдар үчүн кызматтардын 30% гана толук жеткиликтүү экенин көрсөттү. Натыйжада төмөнкү жакшыртуулар ишке ашырылды:
"Түндүк" системасына майыптыкты эске алуу функциясы кошулду.
Жаңсоо тилиндеги көрсөтмөлөр иштелип чыкты.
Өтүнмө берүү жараяны жөнөкөйлөтүлдү.
Бул демилгелер адилеттүүлүк системасын жеткиликтүү жана инклюзивдүү кылууга көмөктөшүп, жарандардын укуктарын коргоону жана юридикалык кызматтардын сапатын жогорулатууну камсыздайт.